“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Каржы сабаттуулугун жогорулатуу- мектептен башталса

2 Октябрь 2016 жыл 20:16
Көрүүлөрдүн саны: 118

Социалдык туруктуулукка жана экономикалык өсүшкө коркунуч жараткан  каржылык  сабатсыздык көйгөйүнө мамлекеттин жана коомчулуктун көңүлүн буруу  учурдун талабы.

Бизде   ата-энелер чет өлкөдөгүдөй балдарына кунүмдүк керектөөлөрүнө  акча бербейт. Мыйзам аркылуу да милдеттендирилген эмес. Ошол себептүү биздин  балдар ата-эне кээде берген акчаны да туура пайдаланбайт. Баетов айылынын тургуну 4 баланын энеси Жаныл Зарлыковна өспүрүм бала деле тапкан акчасын күнүмдүк жашоосунда кантип иштетүүнү билбейт. Мектептен эле бул багытта билим берилсе дейт.

Чет мамлекеттерде мыйзам ата-энени күнүмдүк чыгашасына акча акча берүүгө милдеттендирет. Ошондуктан ата-энелер мектепке чейинки курактан баштап эле акчаны туура сарптоого, өз  чыгашаларын пландоого үйрөтүшөт. Ал эми Кыргызстанда   балдардын каржы сабаттуулугуна үйрөтпойт. Бойго жеткен бала деле тапкан акчасын кантип күнүмдүк  жашоосуна кантип иштетүүнү билбейт. Эгер мектеп жашынан эле   балдарды  акчаны берип, бүгүнкү күнгө жеткир, буга сарпта деп  үйрөткөн болсок балдар да сабаттуулукка үйрөнүп, келечек турмушун жөндөп кете алат деп айта алам. Жашоодо ийгиликке жетүү үчүн жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектепте алган билимдер аздык кылат. Өз акчаңды кантип башкаруу керектигин да билиш керек. Келечекте бизнес менен алектенесиңби, мамлекеттик кызматка өтөсүңбү, же коомдук уюмда иштейсиңби – бул маанилүү эмес. Бардык жерде каржы тууралуу билим зарыл болот!  Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Жолдошев Арстан  ата-энебиз күнүгө акча бербейт. Бирок акчаны пайдаланууну азыртан үйрөнсөк өзүбуздүн келечегибизге пайдасы тиет деп ойлойт.  

arstan-foto

Ата-эне бизге күнүгө акча бербейт. Анын бизге зарылдыгы деле жок. Бирок кээде ата-энебиз берген акчаны деле туура эмес жакка жумшап коебуз. Бул бизде каржылык сабаттуулуктун жоктугу. Ошол себептүү  окуучулар үчүн мектепте акчаны табуу, аны пайдалануу боюнча сабактар өтүлсө  деп ойлойм. Мисалы акча алиппеси деген сыяктуу. Мындай билимди биз мектептен баштап алсак келечегибизге жакшы болмок.

Каржылык сабаттуулукту жогорулатуу, аны калктын калың катмарына түшүндүрүү алгач жалпы орто билим берүүчү мекемелерден башталганы дурус болчудай. Орто мектептерде тарбиялык иштин бир багыты катары каржылык сабаттуулук  тууралуу билим берилсе, жок дегенде акчаны сарамжалдуу пайдаланганды үйрөнөт эле дейт Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин тарбия иштерин уюштуруучусу Нелли Абылова.

img-20161002-wa0011

Мектепте  тарбиялык иштин жети багыты боюнча жүргүзүлөт. Ошого дагы бир багыты катары балдарга каржы сабаттуулугун жоюу тууралуу билим берген багытын кошуп койсок, класс жетекчилер аз болсо да маалымат бере алышмак. Экинчиден сабак катары киргизип койсо деле жакшы болмок.

 Бул   билимдер балдарга эмне үчүн зарыл деп ойлойсуз?

Балдарга зарыл болгонун себеби колуна акча беребиз. Бирок акчаны кандай колдонушту билбей келишет. Ар кандай максаттарга, кээде туура эмес жактарга кетишет. Ошол себептүү балдарга акчаны туура, сарамжалдуу колдонууну үйрөтүү мектептен башталса деп ойлойм.

 Бойго жетип, кечээги окуучу жеке бюджетин пландоону, акча топтоону, билим алууга каражат чогултууну билбей калат. Каржылык жактан өзүн да, өзүнүн келечектеги балдарын да коргой албайт.  Ошол себептүү өлкөдө каржылык сабаттуулукту жогорулатабыз десек аны мектеп партасынан баштоо керек.

      okuuchunun-sabaty

Даярдаган:  Г.Мамытбекова