“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ич өткөк коркунучтуу оору.

5 Октябрь 2016 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны: 155

Азыркы учурда ич өткөк оорусу жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын бири. Бул оору боюнча Баетов айылынын райондук ооруканасынын терапия бөлүмүнүн балдар дарыгери Алашова Жыргал:” Ич өткөк оорусу бала көп кыжырданып, стресске кабылса козголушу мүмкүн жана туура эмес тамактануудан, суук тийгенден, организмге жакпай калган дары-дармектерден да болушу мүмкүн бул коркунучтуу оору. Эгерде балаңыз ич өткөк оорусуна кабылса көпчүлук учурда кусуп, жана дене-табы көтөрүлүп журөгу айланып кускусу келип баштайт. Мындай учурда балага тамак бербей жалаң гана суу берип турганы жакшы. Кээ бир учурда заны суюлгандан да жашыл тартып көбүктөнуп ачуу, жагымсыз жыттанып ичи оорушу мумкүн. Ал эми оору күчөй берсе даарыгерлерге кайрылуу зарыл.

image-1

Туура эмес тамактануудан да жаш балдардын ичи өтүшү мүмкүн. Эгерде эмчектеги баланын ичи ооруса аны көбүрөөк эмизүү керек. Ичи өткөн балага кургатылган жемиштерден жасалган компот жана анар пайдалуу. Бул ооруну үй шартында алдын алуу да жолдору бар. Ал үчүн биринчиден тазалык жана тамак алдында колду жууп, дааратканадан келгенден кийин да колду жууш керек. Экинчиден жер-жемишти тазалап, жууп жеш керек. Үчүнчүдөн сүт азыктарын жана сууну кайнатып ичүү керек”-деди.

Сынак үчүн даярдаган: Тынычбекова Назими

Редактор:   Эльнура  Тажиева