“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Теректеги спорт залдын курулушу токтоду

5 Октябрь 2016 жыл 13:57
Көрүүлөрдүн саны: 148

Ак-Талаа районунун Терек айылында жаңы спорт залдын курулуш  каражат бөлүнбөгөндүктөн  токтоп калды.  Спорт зал 2015-жылы мамлекеттик бюджетке киргизилген.  Бул салынып жаткан спорт зал боюнча Терек айылынын айыл өкмөтү Казиев Улан 2017-жылда спорт зал толук ишке берилерин айтты:

dsc_2455 dsc_2456

Жалпы проектин наркы 20 млнду түзөт. Быйыл 3 жарым млн  бөлүнүп келип, бетон иштери бүттү, кладкасын алып келип такап койгонбуз. Учурда каражат жок болгондуктан иш убактылуу токтоп турат. Каржы министрине кат жөнөткөндө 11 айдын жыйнтыгы менен  үнөмдөлгөн акчалар болсо бөлүп беребиз деген маалымат алдык. Бул курулуш  буюрса 2017- жылы буюрса толук ишке берилет деп турабыз. Бул спорт зал типтүү, 12-24  размериндеги стандарт, жабык болот.  Универсалдуу спорт зал деп турабыз. Бул спорт залда волейбол, баскетбол, кичи футбол, күрөш менен машыгып,дагы спорттук кружокторду өткөнгө ылайыктуу болот. Бул спорт зал бүткөндөн кийин муниципалдык объект болуп, айыл өкмөт балансында турат”.

dsc_2450

 

Азыркы учурда Терек айыл аймагында бир да спорт зал жок.

Даярдагандар: Касымалиева Айчолпон, Айылчиева Адина