“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мектепте өзүн-өзү башкаруу уюму шайланды

6 Октябрь 2016 жыл 8:12
Көрүүлөрдүн саны: 156

Жаны окуу жылынын башталышы менен  Э.Карсартов  орто мектебинде өзүн-өзү башкаруу –мектеп парламентинин  мүчөлөрү шайланды.  Бул салтанатка мугалимдер, окуучулар катышты.

img-20161003-wa0010

Алар  окуу жыл ичинде мектептин ички тартибин, тазалыгын жана окуучулардын катышын жөнгө салууда мугалимдерге, коомдук уюмдун жетекчилерине   көмөктөшүп иш алып барышат. Ошондой эле мектептеги, айылдагы  жана  райондук денгээлдеги иш чараларга жигердүү катышууга  милдеттеништи.

img-20161003-wa0005

Мектеп парламентинин президенти  У.Бердибеков   мүчөлөрдүн атынан ишеним көрсөткөн окуучууларга ыраазычылык билдирип, ишти алга жылдырууга салым кошорун айтты.  Ал эми мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу   Н.Абылова: Силер эми быйыл мектепти бүтүп кетесинер. Бир жылдын ичинде силерди мектепке мугалимдерге көмөкчү болот деп ишенебиз  дейт.

Даярдаган:  Ширин Кушбелдекова