“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

М.Баетов мектебинде карылар күнү белгиленди

8 Октябрь 2016 жыл 6:13
Көрүүлөрдүн саны: 242

Ак-Талаа районундагы М.Баетов атындагы орто мектебинде карылар күнү белгиленди.  Ага мектеп окуучулары, мугалимдер, мектеп  администрациясы катышты.Мектеп окуучулары    “Карыларды кадырлайбыз”  деген теманын алдында  Үгүт айылындагы  карыялар  үчүн  жолугушуу  уюштурушуп,  ал концерттик программа менен коштолду.

img-20161004-wa0023 img-20161004-wa0024

Окуучулар куттуктоолорун, айтып, белектерин тапшырышты.  Мектеп директору  С.Абдраева карыяларды майрамы менен куттуктап, ден соолук каалады. Ошондой эле бул иш чараны уюштурууда мектеп окуучулары  Абдымалик кызы А,  Тынчтыкбек уулу Э, Анарбек к Гулбарчын, Т.Жээнбекова жана  К.Эркибековалар жигердүүлүгүн көрсөтүштү.  Келген меймандар окуучуларга ырахмат  айтып,   бата беришти.

Даярдаган:  Чынара Акималиева.