Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары мугалимдерин кесиптик майрамына карата иш чара уюштурушту. Анда окуучулар таң эрте келишип, колдоруна гүл, шар кармап биринчи саатка келчү мугалимдерин музыканын коштоосунда ыр менен тосуп алышты.

Ошондой эле ар бир мугалимге ыр арнап, куттуктоо сөз жана гүл белек кылышып, окуткан эжелерге жакшы маанай тартуулашты.


Бул иш чараны мектептин бүтүрүүчү классы 11-класстын окуучулары, өзүн-өзү башкаруу уюмунун мүчөлөрү уюштурушкан. Уюмдун тең төрагасы У.Алдаберген уулу “мугалимдердин жылына бир келүүчү майрамында жакшы маанай тартуулайлы деп уюштурдук. Эже-агайлардын эмгеги баа жеткис” дейт.Ошондой эле 10в-классынын окуучулары ай жарыгында шамдын жардамы менен «Биз сиздерди сүйөбүз» деп жазып сюрпиз кылышты.

Мектеп администрациясы окуучуларга ыраазычылык билдиришти.
Сынак үчүн даярдаган: Э.Кубанычбекова
Редактору: Э.Тажиева