«Тарых жана маданият жылына” карата Э.Карасартов атындагы орто мектебинин бутүрүүчү классынын окуучулары ата-энелери менен бирдикте “Ак-Талаа талант мекени” аттуу ыр майрам өткөрүштү.

Ыр майрам Баетов айылдык Дербишкан Ажиев атындагы клубда болуп, анда жергиликтүү обончулар Д.Ажиев, Н.Абдырахманов, М.Баетов, А.Кыязов, К.Эралиева өңдүү обончу-композиторлордун обондору жанырып, ырлары аткарылды.

Иш-чаранын уюштуруучусу А.Дөөлөтбек уулунун айтымында ыр майрам жергиликтүү обончуларды, алардын чыгармаларын эл арасына кенири жайылтуу жана жаш муундарга таанытуу максатында өткөрүлдү.
Сынакка даярдаган: Кушбелдекова Ширин
Редактору: Касмалиева Айчолпон