Болоталиева Бүбүайым Ак-Талаа районундагы Байымбет атындагы орто мектебинде физика сабагынан 40 жылга жакын убакыттан бери мугалим болуп иштейт.

Мугалимдик жылдарында мектептин кыздар уюму,кафедра, секцияларды жетектеген. “Эне данкы” жана “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисинин ээси болгон Бүбүайым эже жакындан бери өзү иштеген мектебине каражатына кабинет уюштуруп, толугу менен физика предметине ылайыктап заманбап үлгүдө жасалгалап чыкты.

Бүт өмүрүн билим берүүгө арнаган каарманыбыз “Кабинетим-сыймыгым, эмгегимдин үзүрү. Ушунча жыл иштеген мектебиме бир эмгек калтырайын, кийинкилерге үлгү, сабак болсун. Кошкон салымым болсун деген ниетте жасадым” дейт. Эженин жолун жолдоп 6 баласынын экөөсү мугалим болуп эмгектенишет. Ардагер эже чарчадым-чалыктым дебей жаш кесиптештерине кеп-кенешин, жардамын берип келет.
Даярдаган: Мээрим Кулманбетова