“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаанын 80 жылдыгына арналган шахмат жыйынтыкталды

13 Октябрь 2016 жыл 17:21
Көрүүлөрдүн саны: 144

Ак-Талаа районунун 80 жылдыгына карата спорт бөлүмүнүн башчысы М.Чырмыев жана шахмат федерациясынын жетекчиси Д.Саткыновдун демилгеси менен уюштурулган шахмат боюнча мелдш жыйынтыкталды.

img-20161009-wa0001 img-20161009-wa0002 img-20161009-wa0005

Мелдешке жалпы 20 оюнчу катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында 1-орун Батыркулов  Рыскелди, 2-орун Апасов Жыргалбек, 3-орун Саткынов Дайыркул, 4-орунду  Жыргалбек уулу Таалай    женип алышып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

img-20161009-wa0000 img-20161009-wa0003 img-20161009-wa0004

Мелдешке Д.Саткынов   акчалай демөөрчүлүк  кылса, райондук спорт бөлүмү медаль, дипломдорду тапшырды. М.Чырмыевдин айтымында райондун мааракесинин   алкагында дагы спорттук мелдештер өткөрүлөт.

Сынакка даярдаган: Кубанычбекова Эльвира

Редактору:    Тажиева Эльнура