“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Келечектеги миллионер” үчүн Ачык эшик күнү болду

13 Октябрь 2016 жыл 17:29
Көрүүлөрдүн саны: 129

“Компаньон”   банкы тузүлгөндүгүнүн  12 жылдыгына карата  Ак-Талаа райондук бөлүмүндө    окуучулар  “Ачык эшиктер”  күнү  өткөрүлдү.
20161012_123649 20161012_124557

Анда окуучуларга банктын  өкүлү Ж.  Молдалиева  кардарларга көрсөтүлүүчү кызматтар, депозиттер, акча тууралуу маалымат берилди.

20161012_123350

Андан соң  окуучулар кызыккан суроолорду беришип жооп алышты. Аларды   мектеп жашындагы балдар үчун ар кандай мөөнөттөгү  “Келечектеги миллион” депозити кызыктырды. “Аталган депозит ар кандай мөөнөткө келишимдин негизинде ачылат.Ага 500 сомдон жогору акча каражатын банкка салып, ай сайын кошумчалап түрүү мумкүнчүлүгү бар.  Салынган акчага белгилүу пайыздагы акча кошулуп турат”  дейт Ж. Молдалиева. Ошондой эле иш чаранын алкагында окуучуларга  банк тарабынан  белектер берилди.

Даярдаган:  Нурбек кызы Аймырза, тынычбекова Назими

Редактору:    Тажиева Эльнура