“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Колунан кѳѳрγ тѳгγлгѳн зергер агабыз Момунбаев Сγйγн.

13 Октябрь 2016 жыл 12:14
Көрүүлөрдүн саны: 137

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, колунан кѳѳрγ тѳгγлгѳн зергер, кѳптѳгѳн сыйлыктардын ээси  Момунбаев Сγйγн агабыздын ѳнѳрγ менен жакындан тааныштык.

674576474754

1.Сиз канча жылдан бери кол ѳнѳрчγлγк менен алектенип келесиз?

Менин атам чоң уста болгон, апамда уз киши болгон. Ошолордон калган кѳрѳңгѳ. Бала кезимен эле окуп жургѳндѳ атама жардам берчγмγн. Сγймѳнкул Чокморов атындагы  кѳркѳм сγрѳт жана кол ѳнѳрчγлγк  окуу жайын бγтγргѳндѳн баштап эле, ушул ишти аркалап келем. Иштегениме 40-50 жылдай болуп калды.

2.Yй-бγлѳнγз жѳнγндѳ айта кетсениз. Сиздин канча уул, канча кызыныз бар жана  сиздин жолунузду жолдогондору барбы?

Бар. Эки эркек, γч кызым бар.  Уулдарым деле кармайт, азыр башка жумуш менен алек, бирок устачылыкты, техниканы билет. Даана кармаган Зинат кызым, кѳркѳм сγрѳт академиясын бγтγргѳн. Азыр шаарда сγрѳтчγ болуп иштеп жатат. Кѳчмѳндѳр оюнунун сахнасы  кызымдын эскизи менен жасалгалоо болду.  Чоң сγрѳтчγлѳргѳ жардамчы болуп иштеди.

3.Азыр кѳбγнчѳ эмнелерди жасайсыз?

767644

Азыр кемер курларды жасап жатам. Кѳчмѳндѳр оюнунда сатылды. Булардын бирѳѳ он миң, сегиз миң сомдон сатылат. Сайра Момунбаева карындашым да чоң ууз, театр чебери, актриса, ырчы. Ал дагы актрисалардын кийимин тигет. Каныбызда бар. Атабыз, апабыз уста кишилер болгон.  Бизге ошолордон калган.  Ушу менен эле бир эле жумушта иштеп келе жатам.  Шаардан ар кандай кожаларды алып келем.

4.Сиз Тайлак баатырдын 220 жылдыгы болгондо, Германияга жолдомо утуп алдыныз эле. Качан барып келейин деп жатасыз?

Тайлактын 220 жылдыгында кол ѳнѳрчγлѳрдγн алдыңкысы болуп,  Германияга жолдомо берди.  Ал Кыргызстан менен Германиянын биргелешкен уюмдары. Кол ѳнѳрчγ, усталарды колдой турган уюм экен. Анан ноябрь айында деп айтылган, бирок ноябрдын числосу бекиле элек, буюрса болот го. Мынча айтылып,жарыя кылынгандан кийин барабыз да.

bez-im6576454

5.Жаштарга каалоо тилек айтып койсонуз.

Жаштарга ѳмγр, ден-соолук, билим, ыйман каалайм, ыймандуу болсо бардыгы болот. Ыймансыз киши эч нерсе жасай албайт.  Ыйманы жок болсо, окуну дагы, жумушту дагы бγтγрѳ албайт.

Бул кол ѳнѳрчγ, сγрѳтчγ, уз баарысы табихаттын сыры менен байланыштуу. Ааламды сулуулук, кооздук кармап турат дейт.  Ааламдын кооздугун сулуулугун элге ушундай уюмга тγшγп тартуулаган уздар, чеберлер, усталар, сγрѳтчγлѳр болуп эсептелет. Ал эми ааламдын,жаратылыштын γнγн угузган алар музыканттар. Алардыкы да ѳзγнчѳ бир сыр.

6.Сиздин ишинизге ийгилик! Чоң рахмат! Бар болунунуз!

Сынак учун даярдаган: Нурбек кызы Аймырза

Редактору: Тажиева Элнура