“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бош айнек бөтөлкөдөн курулган мончо

17 Октябрь 2016 жыл 17:58
Көрүүлөрдүн саны: 129

Нурабаев  Мирбек Жаны-Талап айылынын тургуну. 33 жаштагы Мирбек айылда жеке ишкерлик менен алектенип, чакан дукөн иштетет. Ошондой эле айыл жаштары бош убактыларында келип ойной турган бильярд залы бар. Элге аз да болсо кызмат кылсам деген Мирбек жакындан бери өзгөчө –жалаң айнек   бош бөтөлкөдөн   мончо куруп жатат.

img-20161012-wa0047 img-20161012-wa0050

Айылдашы Мээрим Кулманбетованын айтымында мончонун дубалы аяктап калды. Буга 11000  даана бөтөлкө кеткен. Дагы 3000дей керектелет. Ар бир бөтөлкөнү тизип, цемент менен бекитип тургузган.

img-20161012-wa0048 img-20161012-wa0049

Учурда суу киргизилип, бир топ жумуш аяктап калды.Бөтөлкөнү айылдын жашоочуларынан 1-3 сомго чейинки баада сатып алат. Азырынча   бул ыкманы кайдан   үйрөнгөнүн сыр кылган Мирбек жакын арада бүтөрүн жана ишке берерин кошумчалады.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова