“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Агартуучулардын облустук денгээлдеги алгачкы спорттук мелдеши

19 Октябрь 2016 жыл 19:29
Көрүүлөрдүн саны: 173

Октябрь айынын алгачкы жумалыгында агартуучулардын кесиптик майрамы салт катары белгиленип келет. Быйылкы окуу жылында алгачкы жолу агартуучулар арасында спорттун түрлөрү боюнча  мелдеш уюштурулду. Мелдештин   алгачкы туру райондук спорт комитетинин уюштуруусу менен өткөн.

dsc_2560

dsc_2568

dsc_2630

dsc_2579

Анда шахмат, теннис, волейбол боюнча кыздар жана эркектер арасында оюн өтүп, жеңүүчүлөр мелдештин облустук туруна жолдомо алышкан. Жакында облустук туру өткөрүлүп, Ак-Талаа району командалык эсепте 2-орунду камсыз кылышты. Тактап айтканда Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин мугалимдерден  турган   “Сон-Көл”  командасы 2-орунга, шахмат боюнча 3-орунга, теннис боюнча 3-орунга ээ болушкан.

img-20161013-wa0035
img-20161013-wa0039

Ак-Талаа райондук спорт инструктору   М.Чырмыев: “ Облуска мугалимдер биринчи жолу катышса да байгелүү орун алдык. Жалпы 5 райондун жана Нарын шаарынын командалары катышты. Мелдеш кызыктуу өттү. Буюрса кийинки жылы мындан да жакшы ийгиликтерге жетебиз”  дейт. Мугалимдердин мелдешке барып катышып келүүсүндө райондук кесиптик бирликтер уюму демөөрчулүк кылган.Мугалимдер арасында мындай мелдеш биринчи жолу өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө облустук спорт комитетинин диплом, медаль жана кубоктору тапшырылды.

Сынакка даярдаган:   Э.Кубанычбекова

Редактору:   Э.Тажиева