“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Нурак Абдрахманов 69 жашта

20 Октябрь 2016 жыл 13:41
Көрүүлөрдүн саны: 302

 

КРнын эмгек сиңирген эл артисти  Нурак Абдрахманов  быйыл тирүү болгондо  19-октябрда 69 жашка чыкмак. Ал 1947-жылы Ак-Талаа районуна караштуу Куртка  төрөлүп, ошол жерде өскөн.

img_20161019_175913_776 img_20161019_175936_264

Н. Абдрахманов ырчы, аткаруучу, чебер комузчу, күүчү  эле болбостон устат болуп да балдарга өз билгенин үйрөткөн . Атасы комузчу болгондуктан анын арты менен алты жашынан эле музыкага аралашып калган. 12 жащында айылдык комузчулардын күүлөрүнөн сырткары Карамолдо, Ыбырай, Токтогул сыяктуу алп комузчулардын күүсүн үйрөнүп, ар кандай концерт- салтанаттарда аткарган.  Н.Абдрахманов улуттук аспаптарда ойной алган мисалы комуз, кыл кыяк жана темир комуз. 1970-жылдарда Ак-Талаа райондук маданият үйүндө башчы болсо, 1975-жылдан баштап райондук балдар музыкалык мектебине директорлук кызматын кылган. Анын  “Кулунчак”, “Ата-мурасы” деген күүлөрү алгачкы болуп эсептелет.

2001жылы саманхад шаарында юнеска тарабынан уюшулган салтту ырлардын эл аралык конкурсуна катышып атайын байгесин женип салтту музыканын устаты деген сертификатын алган Анын Ата мурасы,  Улуу тоолор, Сон Көл баштаган 14 куусу кыргыз музыка казынасын толуктады. Нурак Абдрахманов 2004-жылы Бишкекте Американын  “Ага-Хан” билим таануу борборунун жардамы менен “Устат-шакирт” мектебин ачкан.

Нурак Абдрахманов 2014-жылы 26-май айында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Сынак үчүн даярдаган: Тажиева Аима

Тренер: Касымалиева Айчолпон