“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кыргыз Республикасынын Гимнинин автору Калый Молдобасанов жөнүндө

24 Октябрь 2016 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны: 682

Молдобасанов Калый 1929-ж. Ак-Талаа районунун Терек айылында туулган.  Композитор жана дирижёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти ,СССРдин эл артисти , Социалистик Эмгектин Баатыры 

moldobasanov

   М. Күреңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, Чайковский атындагы Москва консерваториясынын улуттук бөлүмүн,  Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Мусулманкулов Молдобасандын уулу 12 жашынан эл аспаптар оркестрине катышып, анын жетекчиси П. Ф. Шубинден таалим алган. Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр, башкы дирижёр.
1973-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда композиция классы боюнча педагог жана Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасынын орун басары, анын төрагасы, ошол эле мезгилде Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1996-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиясы опера жана балет театрынын башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси.

moldobasanov-kalyj-dirizhyor-1966

         Молдобасановдун симфониялык бийлери, сюиталары, кантаталары, ондогон аспаптык пьесалары, 50дөй вокалдык чыгармалары жана башкалары бар. Ал элдик обон-күүлөрдү иштеп чыккан, эл аспаптар оркестри үчүн оригиналдуу чыгармаларды жараткан. Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары бар. Алгачкы көлөмдүү чыгармасы «Куйручук» балети (Г. Окунев менен бирге) жаш композиторлордун бүткүл союздук конкурсунда сыйлыкка ээ болгон . «Саманчы жолу» балет ораториясы кыргыз профессионалдык музыкасына жаңылык киргизген. Жер, дан, гуманизм, граждандуулук жөнүндөгү терең мазмундуу бул чыгарма эң жогорку баатырдык менен лиризмди, терең философиялык ой жорууларды музыка менен айкалыштырган. Ал БолгарияЧехия, РСФСРдын көп шаарларында коюлган. Анын катышуусу менен «Манас»  «Белгисиз солдат»  «Отелло»  «Борис Годунов» «Айчүрөк» опералары жана «Асел»  балети коюлган. Анын «Маңкурт жөнүндө баян»  балети чоң ийгиликке жетишкен. Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири. Ал Москва, ЛенинградАлматы, Новокузнецк жана башка шаарлардын театр спектаклдерине да дирижёрлук кылган.

mirzabaev_11

СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты, СССР эл депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

 

Сынак учун даярдаган: Тынычбекова Назими

Редактор: Э.Тажиева

Сүрөт интернеттен алынды.