“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак Талаа районунун 80 жылдыгы белгиленди

26 Октябрь 2016 жыл 19:10
Көрүүлөрдүн саны: 401

Ак-Талаа району   1936-жылга чейин  Тогуз-Тороо району менен  биригип, Тогуз-Булак району деп аталып, райондун борбору Дөрбөлжүн айылы болгон. Райондо Ак-Талаа , Тогуз-Тороо, Мыкаачы айылдык кеңештери түзүлгөн. Ак-Талаа айылдык кеңешинин атынан Ак-Талаа району деп  аталып  өз алдынча район катары 1936-жылы 2-сентябрда уюшулган.

_dsc0071-kopiya _dsc0078

Быйыл райондун 80 жылдыгы белгиленип, ага КРнын өкмөтүнүн,  министрликтердин өкүлдөрү, облус,  райондордун  жетекчилери катышты. Ошондой эле Эл мугалими М.Базаркулов, Т.Жыргалбеков,  геология боюнча белгилүү окумуштуу К.Осмонбетовго  илимдеги эмгектери үчүн  “Ак-Талаа-Эл коомунун” атынан белектер берилди.

_dsc0122 _dsc0145 _dsc0158

Катышкан өкүлдөр куттуктоо сөздөрүн айтуу менен бирге белектерин тапшырышты.  мааракенин ардактуу коноктору болушту.

_dsc0133-1 _dsc0138

Ал эми райондо мурда Аткаруу комитетинин секретары болуп иштеп кеткен К.Ашыралиев, Д.Берикбаев, И.Жолдошевдер райондун жетишкендиктерине, жасалган иштерге кеңири токтолушту.

_dsc0137 _dsc0200

Маараке белгилүү өнөрпоздордун концерттик номерлери менен коштолду.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова