Тарыхка кайрылсак; Афган согушу 1979-1989-ж.ж. болгон. Бул жылдарда мурдагы СССРдин аймагынан 620миң советтик жоокерлер интернационалдык милдетин аткарып, кызмат өтөшкөн. Бул согушта 15миң аскер курман болуп, 54000 мин жоокер ар кандай жаракаттарды алышкан. Кыргызстандан 7141 жоокер Афганистанда кызмат өтөөгө чакырылып, анын 300ү кайтпай калган.

Ал эми 1999-жылы мамлекетибиздин түштүк аймагындагы моджахеддер менен болгон согушта да Ак-Талаалык жигиттер катардан калбай кызмат өтөшкөн. 26-октябрь Баткен коогалаңынын ардагерлер күнү белгиленип келе жатат. Мына ушул датага байланыштуу Баетов айылында Афган жана Баткен согушунун ардагерлерине арналган айкел тургузулду.

Нарын областык ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Идирисов Таалайбек Бѳкѳнович : “Мындай эстелик облус боюнча биринчи ирет тургузулуп жатат. Бул жай жаштардын ыйык Мекенине айланат жана жаштар агалардын жолун жолдогон патриот болот. Колдоо көрсөткөн, демилге кылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрунө ыраазычылык билдирем” дейт.
Сынакка даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Редактору: Тажиева Эльнура