“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаанын 80 жылдык мааракеси ыр-күүлөр менен коштолду

28 Октябрь 2016 жыл 18:38
Көрүүлөрдүн саны: 186

Ак-Талаа районунун 80 жылдыгына арналган мааракенин расмий бөлүгүнөн кийин оюн-зоок “Адилет”  паркында уланды.

dsc_3028

Атайын даярдалган сахнада   СССРдин Эл Артисти  белгилүү комузчу  С.Токтакунова,  М.Өмүрканова   атындагы сыйлыктын лауреаты  Н.Табалдиева, Д.Баратбаева жана А.Кыязов, “Акмөөрдүн синдилери”  элдик тобу  жана башка Акталаалык таланттар   өз өнөрлөрүн тартуулашты.

dsc_3114
dsc_3107 dsc_3073
Алгач кыргыз элинин тарыхында орду бар инсан Тайлак баатыр, манасчы жана жазма акын Тоголок Молдо, композитор, КРнын Гимнинин авторлорунун бири К.Молдобасановдун өмүр жолуна арналган сахналык көрүнүштөр  чагылдырылды. Күзгө суукка карабай Ш.Бейшеналиев атындагы  мектебинин 80 эркек балдары  хор ырдаса жана Э.Карасартов мектебинин 40 кызы  заманбап бий бийлешти.

dsc_3046

Ал эми Н.Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин 80 комузчусу   “Маш ботойду”  чертип, элдин маанайын көтөрүштү. Комузчу  Чынболот Эсенгулов «Күн сууктугуна карабай белгиленген номерлерди аткаып жатабыз. Албетте  окуучуларсыз эч майрам өтпөйт да.Бул мааракеге өз салымыбызды кошуп жатканыма кубанычтамын«дейт.

Сынак үчүн даярдаган:  Кубанычбекова Эльвира

Редактор: Тажиева Эльнура