“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Күз берекеси” сынагында мыктылар аныкталды

31 Октябрь 2016 жыл 12:52
Көрүүлөрдүн саны: 198

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын  Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Күз берекеси” атту сынагы болуп өттү. Сынакка  8-класстан 10-класска чеинкилер  катышты.

dsc_2954

dsc_2949

dsc_2985 dsc_2988

Бул сынактын шартына ылайык ар бир класстан окуучу кыздар өз колдору менен жасаган көйнөктөрүн, салат жасап, аны кандайча жасагандыгын, фантазияга жараша жер-жемиштерден ар кандай нерселерди көргөзүп жана жактап берүү болду.

dsc_2940 dsc_2943 dsc_3007

Сынакта калыстар курамында мектеп мугалимдери болсо, ал эми башкы калыс болуп мектеп директору Чолпон Сапарбекова болду. Калыстар жөн гана өз баасын бербестен , сын-пикирлер менен кошо өз кеп кеңештерин айтып жатышты.

dsc_2961 dsc_3070

dsc_2992

Сынактын бир талабы өнөр көрсөтүү болду. Бул жаатта кээ бири ырдап кээ бири бийлесе, ал эми бири өзүнүн ийилчээктиги менен көрүүчүлөдү таң калтырды.

dsc_3054 dsc_3058 dsc_3062

Окуучулар өз колдору менен жасап келген салаттарын кантип кылгандыгы тууралу айтып,  жактап берип жатышты.

dsc_2998

dsc_3001

dsc_3017 dsc_3020

 

Конкурстун жалпы жыйынтыгы боюнча 8в классы жеңишке жетишти.

dsc_3067

dsc_3060

Сынак үчүн даярдаган: Тажиева Аима

Тренер: Касымалиева Айчолпон