“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада көмүр маселеси чечилбеген бойдон калууда

1 Ноябрь 2016 жыл 12:33
Көрүүлөрдүн саны: 149

Ак-Талаа районунда кыш алты айга созулат жана шарты катаал  аймак.  Бул мезгилге чейин  акталаалыктар кышка толугу менен даяр болуп,  көмүр менен камсыз болуп калышчу.   Учурда райондун элинин 40 пайызга жакыны  кышка отун-суусу жок отурушат. Тактап айтканда райондогу бюджеттик мекеме-ишканаларга  2334 тонна көмүр түшүрлгөн. Бирок дагы 2056 тонна көмүр тартылышы керек.   “Турук”   кениндеги “Сардар”   фирмасы бульдозер жок, казылбайт деп казуу иштерин токтоткондон бери  акталаалыктар   үч  ирет митингге чыгышты.

dsc_3077 dsc_3115

dsc_3081

dsc_3135

Дөрбөлжүн аянтына чогулган 600 дөй тургун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана геология агенттигинин өкүлү А.Сапаралиевге көмүр маселеси мыйзам чегинде тез арада чечилбесе, башка жол менен чечүүгө  бара тургандыктарын билдиришти.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова