“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

3 Ноябрь 2016 жыл 14:51
Көрүүлөрдүн саны: 183

Милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Кыргыз милициясына быйыл   1-ноябрда 92 жыл болду. Мына ушул датага байланыштуу Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кесиптик майрамды белгилешти.

_dsc0049

_dsc0008

Майрамдык салтанатка арналган иш чара бөлүмдүн жыйындар залында өтүп, ага райадминистрация башчысы С.Черикбаев, милициянын ардагерлери жана өздүк курам катышты. Аким С.Черикбаев сыймыктуу, жоопкерчиликтүү кесип ээлерин майрамы менен куттуктап, ыраазычылык кат тапшырды.
_dsc0010
_dsc0025 _dsc0027 _dsc0033 _dsc0037

Бөлүмдүн жетекчиси, милициянын полковниги Т.Кадыров  айрым кызматкерлерге ички иштер министрлигинин  “Ардак”   жана   “Азамат”  төш белгилери  жана ардагерлерди Ардак Грамоталар  менен сыйлады.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова