“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Орто мектептин уюштуруучуларынын биргелешкен семинары өттү

9 Ноябрь 2016 жыл 16:33
Көрүүлөрдүн саны: 142

А.Абдраимов атындагы орто мектебинде класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучулардын райондук семинары өттү.

20161025_104913

Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Ильич Жакшылык уулу, мектептин жалпы жамааты, окуучулар жамааты катышты. Семинарда  М.Баетов атындагы орто мектебинин  уюштуруучусу Ч.Акималиева   9-класстын окуучуларына    “Жугуштуу оорулар”, Ж.Сатылганов мектебинин уюштуруучусу   Г.Кулубаева   “Адам жана ден соолук”, С.Атамбеков мектебинин уюштуруучусу  “СПИД-кылым коркунучу”  деген темаларда ачык тарбиялык класстык сааттарды өтүшүп, окуучулар жигердүү катышты.

20161025_105635

Иш-чаранын журүшүндө  башка мектептен барган беш уюштуруучу  А.Абдраимов атындагы орто мектебинин окуучуларына ар кандай үлгүдөгү сабактарды өтүштү. Семинарда бул теманы тандап алуудагы негизги максат-окуучулардын ден соолугун сактоого кам көрүүгө тарбиялоо болгондуктан, ушу багыттагы сабактар өтүлдү. Жыйынтыгында   баа берилип, уюштуруучулаодын  кийинки   семинары декабрь айына белгиленди.

Даярдаган:   Кубанычбекова Калида