“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Өзүн-өзү башкаруу уюмдары тажрыйба алмашты

10 Ноябрь 2016 жыл 8:02
Көрүүлөрдүн саны: 170

Жакында Э.Карасартов   атындагы орто мектебинин  өзүн-өзү башкаруу уюмунун мучөлөрү Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинин мектеп парламенти менен жолугушту.

img-20161109-wa0018

Жолугушууда   иш кагаздары, мектепте уюм тарабынан жасалган иштер, алдыдагы пландар менен кенири таанышышты.Ошондой эле мындан ары мектептер аралык байланышты кантип  чыңдоого болот, өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын ишин кандай жолдор менен алдыга жылдырууга болот деген сыяктуу суроолордун тегерегинде пикир алмашуу болду.

img-20161109-wa0020

Тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн бул жолугушуу Э.Карасартов атындагы орто мектебинин жаштар уюмунун жетекчиси Дөөлөтбек уулу Азаматтын демилгеси менен ишке ашты.

img-20161109-wa0025

Эскерте кетсек;  М.Баетов атындагы орто мектебинин мектеп парламенти райондогу алдыңкы коомдук уюмдардын бири жана  демилге кылуучу иштерди жүргүзүп келишет. Уюмду мектептин  мектептен жана класстан тышкаркы тарбиялык иштерди уюштуруучу Ч.Акималиева жетектейт.

Даярдаган:  Ш.Кушбелдекова