“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Айылдык жаштардын шеринеси-ден соолукту чыңдоого өбөлгө

12 Ноябрь 2016 жыл 16:44
Көрүүлөрдүн саны: 146

Ак-Талаа районундагы  Кара-Ой айыл өкмөтүндөгү жаштардын демилгеси менен  жаштар арасында волейбол, күрөш жана кичи футбол боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү. Ак-Талаа райондук  спорт испектору   М.Чырмыевдин айтканына караганда оюн   10-ноябрь   жаштар күнүнө карата  1980-жылы   туулган айылдык жаштардын демөөрчүлүгү   менен  уюштурулду.

img-20161110-wa0001 Мындан кийин бул оюн  шерине Жаңы-Талап, Актал, Кара-Ой, Кадыралы айылдарындагы   жаштардын ортосунда уюштурулуп, кайыс айыл өкмөттүн жаштары баш байгени утуп алса, кийинки спорттук мелдешти ошол айылдын жаштары уюштуруп, өткөрөтНегизги максаты: коңшу айылдар  ортосунда ынтымакты чыңдоо, жаштардын бош убактыларын  туура пайдаланууга жана ден соолукту чыңдоого көмөк көрсөтүү болуп саналат. Байге фонду беш миң сомду түзүп, жеңүүчүлөргө  акчалай сыйлыктар, грамоталар берилди.

img-20161110-wa0003

img-20161110-wa0000

Даярдаган:   Калида Кубанычбекова