“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык жаштардын облустагы ийгилиги

12 Ноябрь 2016 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны: 130

10-ноябрь жаштар күнүнө карата Нарын облусунун  борбору болгон Нарын шаарында  райондор аралык кол күрөш, таяк тартыш оюндары боюнча мелдештер өткөрулдү. 60кг салмакта кол күрөш жана таяк тартыш боюнча Жаны-Талап  айылынын тургуну Нурсамат   Кенешбеков  1-орунга , 70кг салмакта спорттун жогорудагы түрлөрү боюнча 1-орунга Жумабек уулу Бек, ушул эле салмакта 3-орунга Абышов Курдаш,  70кг дан жогору салмакта  1-орунга Бердибек уулу Ислам жогорку чеберчилик жана даярдыктарын көрсөтүшүп, байгелүү орундарды камсыз кылышкан.

img-20161111-wa0003-1 img-20161111-wa0004-1 img-20161111-wa0005-1 img-20161112-wa0001-1Ал эми  кыздар арасында кол күрөш боюнча 1-орунга, таяк тартыш боюнча 2-орунга  Капарбек кызы Гүлжаз татыктуу болду. Жалпы оюндун жыйынтыгында жалпы командалык эсепте Ак-Талаа району 1-орунга чыкты. АК-Талаа райондук спорт комитети жаштарга колдоо көрсөтүп, оюнга катышып келүүлөрүнө жардам кылган.

Даярдаган:  Калида Кубанычбекова