“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Малды жугуштуу оорулардан сактайлы

24 Ноябрь 2016 жыл 13:30
Көрүүлөрдүн саны: 374

Малдын жугуштуу оорулары көп кездешет. Алардын бири – пастереллез оорусу. Ак-Талаа райондук ветеринариялык дарт аныктоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы  Гулянда Каипова ушул оору боюнча маалымат берди.

20161124_141335

“Пастереллез өпкөдө сезгенүүлөрдү пайда  кылып, жугуштуу оору болуп саналат. Бул ылаң менен үй жаныбарлары, жапайы жаныбарлардын бардык түрлөрү, куштар ооруп, адамдарга да жугуу коркунучу бар. Бул оору бир кыйла жаныбарларды кыргынга учуратат. Бирок жылкы бул оору менен сейрек ооруса, коён, тооктордо көп кездешет.Бодо малдардан тукумуна , жашына карабастан ылаңдашат анын ичинен өзгөчө козу көбүрөөк ылаңдайт. Бардык мезгилде кездеше берет.

images-11

Сүрөт интернеттен алынды

Мал ээлерине кайрыла кетсек, козу койлордун багуусу начар болсо чөп жетишпесе, ылаң тез өөрчүп кетет. Бул ылаңды козгоочулар болуп ылаңдаган малдар жана бул оорудан айыккан малдар болуп эсептелет, анткени, ылаңдаган малдын денесинде микробдор 1 жылга чейин жүрө бергендиктен бат жугат. Ооруган малдын дем алуу жолдорунда, мурунунда кекиртегинде, өпкөсүндө жайланышатpasterellez1

Сүрөт интернеттен алынды

Таза малга бул оору чөп, жем, суу аркылуу, шаймандар аркылуу , негизинендем алуу жана тамак сиңирүү органдары аркылуу кирет.Бул оору жукканда 3 күнгө чейин билинбейт. Оору жуккан малдын температурасы көтөрүлүп, кээ бирде клиникалык белгилери билинбестен эле өлүмгө учурайт.

20161124_141402

20161124_141256

Ак-Талаа району боюнча пастереллез оорусу кездешип жүрөт, жакында  Кош-Дөбө айылында катталган.

Бул ылаң чыккан учурда чарбага чектө коюлат. Чектөөнүн шарты боюнча чарбадан мал чыгарылбашы керек. Ооруган мал айыкканда 14 күндөн кийин гана короо, сарайларда дизинфекия жүргүзүлүш керек. Ылаңдаган малды таза малдардан бөлүп дарылоо кажет”-дейт.

Сынак үчүн даярдаган: Тажиева Аима

Редактору: Касымалиева А