Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан Э.Карасартов атындагы орто мектебинде волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдештин максаты ден-соолукту чыңдоо, спортту сүйүү, бош убакытты туура пайдалануу менен бирге эле рекетчиликти жоюу болуп саналат.



Бул мелдеш класстар арасында өткөрүлүп, жыйынтыгында мектеп окуучулары грамота жана ошондой эле кызыктыруучу белектер менен сыйланды. 11-а классынын окуучулары 1- орунду багындырышып, кубангандыгын жашырышкан жок “ Бул мелдеш абдан кызыктуу өттү. Биз бул мелдештен жакшы нерселерди ала алдык .Биздин убакыт туура жакка кетип жатканына кубанычтабыз.Ушундай мелдештер дагы өткөрүшүн каалайбыз.”

2-орунду 10-б классы жеңсе, 3-орунга 11-б классы татыктуу болушту.

Сынак үчун даярдаган: Эркинбек кызы Нуркыз
Редактор: Айылчиева Адина