Ак-Талаа районунун Баетов айылында жакында райондук маданият үйүндө «Тарых жана маданият жылына» карата «Ырларым менин жан дүйнөм» кароо сынагы өткөрүлдү. Анда Б.Абдрахманов, Н.Жыргалбекова, Ж. Сатылганов, М.Базаркулов, Э.Карасартов атындагы орто мектептеринен мыкты ырдаган ырчылар тандалып, экинчи турга жолдомо алышты.Дөөлөтбек үүлу Азаматтын айтуусунда бул кароо-сынак жаштардын талантын ачуу, бош убактыларын текке кетирбестен туура пайдалануу, кылмыштуулукту, диний экстремизмди алдын алуу максатында өткөрүлдү.
Райондук маданият үйү уюштурган “Ырларым менин жан дүйнөм” кароо-сынагында баш байгени Э.Карасартов мектебинин окуучусу Чубак уулу Санжар жана Куртка айылынын окуучусу Жаныбек кызы Бегай багындырса ал эми Нурланова Аяна 1-орунду багындыра алышты .Ошондой эле 2-орунду Куртка айылынын окуучусу Казыбеков Жээнбек ээледи.

Сынак үчүн даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Редактор: Тажиева Эльнура