“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Э.Карасартов мектебинде компьютердик бөлмө ачылды

25 Ноябрь 2016 жыл 14:14
Көрүүлөрдүн саны: 131

   Баетов айылындагы  Э.Карасартов мектебинде жаңы  компьютердик бөлмө  ачылды. Германия өкмөтүнүн каржылоосу менен Германия эл аралык кызматташтык  уюмунун  (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору тарабынан, класстык эмеректер жана компьютердик жабдуулар менен камсыздалды. 20161125_150055 20161125_150118 Кабинеттин ачылышына  райондук администрациясынын биринчи орун басары А.Сулайманов, Баетов айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы  Т.Турусбеков мектептин мугалимдер  жамааты  катышышты.  Бул тууралу кененирээк маалыматты мектеп директору Венера Мырзалымбекова айтып берди: “ Биздин мектепке  900 миң сомдун каражатына  4⁄1 болуп келди десек болот. Биздин компьютердик бөлмөгө 10 компьютер, фрапс, принтер, ксерокопия, 1 проектор экраны, ноутбугу менен келди.  Андан сырткары 10 стол отургучу 2 шкафы менен келди.” 20161125_15015120161125_150144 Сынак үчүн даярдаган: Тажиева Аима

Редактор:Касымалиева Айчолпон