“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мектептин курулушу качан бүтөрү белгисиз

25 Ноябрь 2016 жыл 14:09
Көрүүлөрдүн саны: 181

Ак-Талаа районунун  Баетов айылындагы Э.Карасартов мектеби республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланып, 2014-жылдын 2-ноябрь айында типтүү мектептин капсуласы салынган.  Азыркы учурда мектептин курулушунун  30пайыз  иштери бүтүрүлдү. Курулуштун бүтүшү 2016-жылдын октябрь айына пландаштырылган, бирок каражат бөлүнбөгөндүктөн токтоп турат.

20161125_150651

Бул тууралу бизге мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Абылова Нелли  төмөнкүдөй маалыматтарды айтты:

“1960-жылы салынган №1 корпуска 2011-жылдын 27-январында МЧС тарабынан акт түзүлүп, мектепке кирүүгө тыюу салынган. 2014-жылда №1 корпусту бузуу иштери жүргүзүлдү.  57 млн 900 миң сомдук  жаңы корпустун курулушу капсула салуу менен башталды. Мектеп типтүү болуп 275 орундуу болот. Азыркы учурда  17млн сомдук жумуш аткарылды. Мектеп 2017-жылдын октябрь айына бүтөт деген ойдобуз.Биздин мектеп салынып бүтүп калса жакшы болмок , азыр 2 корпуста  3 смена менен окуп жатабыз. Албетте бул бир топ кыйынчылыкты жаратат.Класстан тышкаркы иштерди,кружокторду уюштурганда мүмкүнчүлүгүбүз жок.Спорт зал жок болгондуктан дене тарбия сабагы эшикте өтүлүп жатат.”

20161125_150639

Сынак үчүн даярдаган: Тажиева Аима

Редактор: Касымалиева Айчолпон