“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа районунда “Переоборудование” аталышындагы рейд өтүүдө

25 Ноябрь 2016 жыл 14:49
Көрүүлөрдүн саны: 104

Учурда Ак-Талаа районунда 2016-жылдын 20- 25-ноябрь күндөрү  “Переоборудование” аталышындагы рейд  өтүүдө.

img-20161124-wa0002

Ак-Талаа райондук  РИИБнү боюнча ПМТнун жол кыймылын көзөмөлдөөнүн ага инспектору, милициянын кенже лейтенанты  Т.Иманалиев берген маалыматка караганда иш-чаранын максаты жол коопсуздугун сактоо,  жол кырсыктарын алдын алуу  жана аларды болтурбоо  , автоунааларды  башкаруучулар арасында автоунааларын мыйзамсыз өз алдынча жабдып алган жана спирт ичимдигин ичип алып башкарган, техникалык бузук абалда же техникалык кароодон өтпөгөн жана  башка эрежелерди бузган айдоочуларды аныктоо  болуп саналат.  Рейддин алкагында  райондун аймагындагы автобекеттерде эл тартуучу автоунаалардын айдоочуларына атайын инструктаж берүү,айдоочулар сапарга чыгуу алдында медициналык кароодон текшерүү жагы жана документтери көзөмөлгө алуу жана көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жалпы айдоочулардын , эл тартуучу автоунаалардын айдоочуларына КР нормативдик стандартка жооп берүүсү, техникалык абалы боюнча  өзгөчө көңүл буруу иштери жүрүүдө.  Ошондой эле райондун аймагында жылып жүрүүчү посттор уюштурулду.

 

Сынак үчүн даярдаган: Кушбелдекова Ширин

Редактор: Касымалиева Айчолпон