“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Райондун аймагындагы ашуу белдерге баруучу автоунаа жолдору жабылды

25 Ноябрь 2016 жыл 6:20
Көрүүлөрдүн саны: 124

Аба-ырайынын кескин өзгөруп, ашууларда, белдерде кар күрткүсү пайда болуп, автоунаалардын жүрушүнө кыйынчылык жаратып жаткандыктан   райондун аймагындагы Молдонун бели, МЭЛС, Ак-Мойнок ашуулары  жаз келип, кар кеткенге чейин убактылуу жабылды.
snow_on_the_mountains_of_southern_california

Райондогу  №15 жол тейлөө ишканасына ашуулардагы  белгилүү жерлерге   жолдун жабылгандыгы тууралуу жол белгилерди  коюу жана  автоунаа өтпөгүдөй кылып тосуу жагы тапшырылды. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы  аким С.Черибаевдин айтымында жолдорду убактылуу жабуунун максаты- райондун аймагындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын  болушуна жол бербөө.  Учурда бул тууралуу калкка түшүндүрүү иштери жургүзүлүүдө.

Сынакка даярдаган:  Кубанычбекова Эльвира

редактору:  Тажиева Эльнура