“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа районунда СПИД оорусу менен 11 жаран каттоодо турат

28 Ноябрь 2016 жыл 18:11
Көрүүлөрдүн саны: 122

Мындай маалымат бүгүн ата-энелер жана окуучулардын катышуусунда өткөн чогулушта белгилүү болду.

20161128_151844

Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары Ж.Мамбетова: “Ак-Талаа районунда быйыл СПИД оорусу менен жабыркаган 11 учур катталды. Анализ жасап көрсөк биздин райондо туруктуу эмес, сырттан келгендер же Россияда, Казакстанда иштеп келген жарандар болууда. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө туруп, дарылоо курстарын алып жатышат. Ай сайын анализдер алынып, текшерилип турушат. Булардын арасында жаш келиндер, аялдар жана эркектер бар” дейт. Эскерте кетсек; Былтыр бул сан сегизди көрсөткөн. Тактап айтканда СПИД оорусу менен 8 адам каттоого алынган.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова