Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө Аксакалдар соту коомдук алдын алуу бөлүмүнө келип түшкөн эки жарандык арызды карады. Баетов айылынын участкалык милиционери Бурул Батырбек кызы мындай маалымат берди:

“9-ноябрь күнү Баетов айылынын тургуну мас абалында үйүнө тынчтык бербей жатканы жөнүндө нөөмөт бөлүмгө маалымат тушкөн жана ыкчам тобу Д.Кны бөлүмгө алып келген. Териштирилип материал Аксакалдар сотунун кароосуна берилген.

Аксакалдар сотунун төрагасы Саткынов Айдаркул: Сен өзүңдөн кийинки инилериңе өзүңдүн жүрүш-турушун менен кандай тарбия бере аласың. Үй-бүлө, жашоо сеники деп үй-бүлөнү ушундай беймазага сала берүү болбой турганын айтты. Ал эми кунөөлүү Д.К мындан ары мындай көрунүш кайталанбай тургандыгына убада берди. Бурул Батырбек кызынын айтымында үй-булөнү сактоо, ынтымакты бекемдөө максатында коомдук алдын алуу борборлорунда жарандык арыздар каралып турат. Биринчи жолу Аксакалдар сотунда каралып, жыйынтык чыкпаса административдик жазага тартылып, айып төлөнөт.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова