“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана суицидди алдын алуу боюнча жолугушуу өтту

28 Ноябрь 2016 жыл 18:41
Көрүүлөрдүн саны: 226

Ак-Талаа районундагы орто мектептердин окуучулары жана ата-энелеринин   катышуусунда кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту, суицидди алдын алуу максатында жер-жеринде жолугушуулар өтүүдө. Бүгүн акимдин орун басары Ж.Мамбетова жана билим берүү бөлумүнүн, прокуратура, РИИБ, үй-булөлүк дарыгерлер борборунун жана дин өкүлдөрүнүн катышуусундагы иш чара Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде болду. Акимдин орун басары Ж.Мамбетова жолугушуунун максатына кенири токтолуп, учурда райондун  аймагында өспурүмдөр арасында кылмыштуулук, өзүнө-өзү кол салуу, зордук-зомбулук  өсүп жатканын белгиледи.  Ошондой эле эрте жаштагы кыздардын никеге туруусу көнүмүш адат катары кабыл алынып бара жатканына, тилекке каршы мындай учурда мыйзамдуу иш аракеттерге бара албай жаткандыктарын кошумчалады. Анткени кызын эрте жашта күйөөгө берген ата-эненин жоопкерчилиги эч мыйзамда каралган эмес”. Келечек балдардыкы демек биз алардын билими, коопсуздугу, ден соолугу үчүн жоопкербиз.Азыртан баарыбыз коомчулук аракет кылбасак, жалгыз мектепке түртө салганыбыз туура эмес”  дейт.

20161128_150535

Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлү Ч.Дөнөнбаева:  Кыздарды эрте жаштан күйөөгө бергенде ата-эне анын мойнуна бир үй-булөнүн түйшүгүн артып бергенин түшүнбөй жатышат. Балага көзөмөлдү ата-эне кылуусу керек деген оюн айтты.

20161128_144523

Ал эми РИИБнүн кызматкери Ж.Жусубалиева ата-эне жана балдарга:  канткенде зордук-зомбулукту азайтабыз, рекетчиликти кантип жоебуз? деген суроо менен кайрылып, учурда ата-энелер балдарынын кечки 22.00дон кийин кайда жүргөнүн көзөмөлдөбөйт. Жолугушууда ата-энелер аталган тема боюнча өз пикирлерин айтышты.

20161128_144919 20161128_145607

Мындай жолугушуу райондун аймагындагы 18 мектепте өтүлөт.

Даярдаган:  Кубанычбекова Калида