“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жол кырсыктарын алдын алуу иштери эффективдүү болушу зарыл

28 Ноябрь 2016 жыл 19:00
Көрүүлөрдүн саны: 140

Республиканын аймагында 2016-жылдын 21-ноябрына чейин  кырсык болгон жерден айдоочунун качып кетүүсү менен коштолгон 727 жол кырсыгы катталган. Андан 80 адам каза болсо, 742 жаран ар түрдүү жаракаттарды алышкан. 25 адамдын өмурүн алган 300дөн ашык  жол кырсыгы ачылбаган бойдон турууда. Ал эми Нарын облусу боюнча 5 жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапкан. Ачылбай калганы да бар. Үстбүздөгү жылдын  акыркы 10 айында балдардын жол кырсыктарына кабылуусунун 27 учуру катталса,  6 бала алган жаракаттардан улам каза болгон. Бул көрсөткүч облуска тиешелүү болгондуктан  балдар менен тыгыз иш алып баруу зарыл. Мына ушул максатта учурда райондун аймагындагы мектептерде окуучуларга жол эрежелери боюнча  түшүндүрүү иштери жургузулүп жатат. Ошондой эле жылып  жүрүүчү посттор уюштурулуп, РИИБнүн кызматкерлери менен бирге жол транспорт кырсыктарына шектүү автоунааларды кылдаттык менен текшерүү, аларды ок атуучу, жарылуучу заттарды, диний экстремисттик китеп, баракчаларды алып өтүшүнө бөгөт коюу  иштери жүрүп жатат.

img-20161128-wa0010-kopiya

Ак-Талаа РИИБ боюнча ЖКК тобунун ага инспектору Т.Иманалиев:  Бул боюнча жетекчиликтин буйругу чыккан. Иш мерчемдер иштелип чыккан.Ошонун негизинде иш алып баруудабыз. Патрулдук милициянын иши жол кырсыктарынын көрсөткүчүнө байланыштуу. Демек эффективдүү иш алып баруу керек” дейт.  Райондун аймагында жол эрежелерин бузган айдоочуларга административдик чараларды көрүү  жана  бирге автоунаа ондоочу жайларды жана автоунаа тетиктерин сатуучу дүкөндөрдү текшерүү  колго алынууда.

Сынакка даярдаган:   Кубанычбекова Эльвира

Редактор: Тажиева Эльнура