“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Сурамжылоо: Келечекте кайсы кесиптин ээси болгун келет?

30 Ноябрь 2016 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны: 805

 

Азыркы учурда баардык эле мектептерде 11-класстардын биринчи маселеси болуп кайсы кесиптин ээси болом деген суроо бар. Айрымдары кичине кезинен бир кесипке багыт алышса кээ бири азыркыга чейин ойлонуп жүргөн кези.азыркы учурда 11-класстар  ОРТга ар кандай китептерди алып окуп, кээ бири болсо мугалимдерден кошумча билип алып жаткан учуру. Мектепти бүткөн соң тандаган кесиби боюнча жогорку окуу жайына тапшырат. Мына ошону билүү үчүн Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучуларына “Келечекте кайсы кесиптин ээси болгун келет?” –деген суроо менен кайрылдык.

bez-nazvaniya

Сүрөт интернеттен алынды

 

 

Бейшеналиева Аймырза 11-класс

Мен келечекте доктур болгум келет.  Бул кесипти тандаганымдын себеби адамдардын оорусу менен күрөшүп, аларга жардам берүү бул менин максатым. Бул кыялды ишке ашырыш үчүн көп аракеттерди жумшап жатам, өзгөчө химия жана биология сабактарын окуп, кошумча курстарда билим алып, билимимди кеңейтип жатам. Келечекте кесибимдин мыкты адиси болом деген ишенич бар.

Junge Frau arbeitet im Büro zwischen Akten

 

Жыргалбекова Анара11-класс

 

Негизи дизайнер болууну каалайм. Бирок биринчи кесип катары экономист кесибин тандап алдым. Менин оюмча 2 кесипти алып кетүүгө болот эгер экөөнө тең кызыгын бар болсо. Мен экономист болуп иштеп, дизайнерликти бош убагымда алектенсем болот.

img_20161130_160050_26

Маметова Айдана 11-класс

Менин азыркы күнгө чейин ойлонуп, тандаган кесибим котормочу.Мен башка элдердин тилине аябай кызыгам.Азыр корей тилин окуп үйрөнүп жаткан учурум. Келечекте  Түштүк Корея барсам деген кыялдарым бар.

 
img_20161130_160233_26

Сынак үчүн даярдаган: Тажиева Аима

Тренер:Касымалиева