“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленди

2 Декабрь 2016 жыл 13:04
Көрүүлөрдүн саны: 131

Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айлында 3-декабрь ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, коргоо күнүнө карата райондук маданият үйүндө иш-чара болду. Бул иш-чарада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.

 

Райондун акими Черикбаев Семетей катышып мүмкүнчүлүгү чектелген дер да иштөөгө мүмкүнчүлүк  бар экенин айтты. “Архивдеги маалыматтарды компьютерге түшүрүү иштери башталууда.Бул үчүн жаңы жумушчуларды алабыз. Биз быйыл жаңы иш план түзүп чыктык.  Мына биз түзгөн  иш план боюнча ушул жумушка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды алсак дейбиз”.

20161202_113325

Бул иш-чаранын соңунда катышкандарга ар кайсы мекемелерден келип белек тапшырышса, кээ бири жеке өзүнүн атынан да тапшыргандар болду.

20161202_130507

20161202_131319

20161202_131603

20161202_132259

Жыл сайын 3-декабрь Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленип келет.

Сынак үчүн даярдаган: Тажиева Аима

Тренер: Касымалиева А