“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Биз силер менен биргебиз” кароо-сынагы болуп өттү

3 Декабрь 2016 жыл 11:39
Көрүүлөрдүн саны: 143

Кечээ 2-декабрда  райондук маданият үйүндө “3-декабрь Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, коргоо күнүнө” карата “Биз силер менен биргебиз” аттуу  кароо сынак болуп өттү. Бул сынактын максаты мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасынан таланттуларын элге алып чыгуу, өнөрүн таанытуу болду.

20161202_122146

20161202_122305 20161202_115248

Кароо-сынакка Ак-Талаа районунун ар кайсы айыл аймактарынан 25 катышуучу келди. Катышуучуларды сахнага маданият үйүнүн кызматкерлери коштоп чыгып, бир-эки номерден көрсөтүшүп, алар эне, сүйүү, ден-соолук, Ата-Мекен жөнүндө ырларды ырдап, өз таланттарын көрсөтүштү. Көрүүчүлөр кызуу кабыл алышып, колдоп отурушту.

20161202_121427 20161202_115719 20161202_114552

20161202_114605

Бул кароо- сынактын жыйынтыгында 1-орунду Максатбек Сааданбаев Кызыл-Булак айыл аймагынан келип камсыз кылса, 2-орунду Мураталиева А Баетов айылынан ал эми 3-орунду Кара-Бүргөн айылынан келген Камчыбек уулу Жанат камсыз кылды.

Кароо-сынактын аягында баардык катышуучуларга ар кандай белектер берилди.

Сынак үчүн даярдаган: Тажиева Аима

Тренер: Касымалиева А