“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Сасык тымоо менен ооруганда жылуу жатууну сунуштайбыз

5 Декабрь 2016 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны: 174

Сасык тымоо Кыргызстанда азыр көп кездешип жатат.  Бул оруу аба аркылуу жуккандыктан сасык тымоо эл арасында кеңири таркайт. Дал ушул оору боюнча кененирээк маалыматты алуу үчүн биз  Ак-Талаа районунда жайгашкан А.Көккөзов атындагы  райондук оорукананын жугуштуу ооорулар бөлүмүнүн башчысы Аида Көкөтаевага кайрылганда буларды айтып берди:   “Сасык тымоо менен ооруган адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө аба аркылуу тарайт да таза адамга жугушу ыктымал. Бул оорунун биринчи белгилери болуп температура көтөрүлүп, шалдырап, тамагы ооруп жөтөлөт. Бул учурда адамдар антибиотиктерди колдонбош керек, көбүнчөсү билбестен антибиотиктерди колдонуп жатышат. Суюктукту көп ичип антигриппин сыяктуу даарыларды ичип, жылуураак жатууну сунуштайт элем Сасык тымоо катуулап кеткен учурда гана антибиотиктерди колдобуз , ошол үчүн дарыгерге кайрылып туруш керек. Бул оору менен жаш балдар көбүнчө ооруйт.

20161205_154632

Негизи сасык тымоо алдын алуу жолдору жыл сайын медицина кызматкерлери Сасык тымоодон сактануучу вакцина жасайт. Бул вакцина менен бүткүл кыргызстандыктарды камсыздай албагандыктан бекер эмес.

Дайыма колду жууп, үйдөгү абаны желдетүү менен алмаштыруу керек, ооруган адамдар болсо атайын маска тагынып, жэ болбосо Сасык тымоонун сезону болуп жаткан учурда маска тагынуу керек.

gripp-2014

сүрөт интернеттен алынды

Сасык тымоо ар кайсы жыл мезгилинде эле кармай берет. А сезону деп биз Сасык тымоо пикке жетип, башкача айтканда  ушул белгилүү бир жерде жайылып, бир мезгилде эле вспышка болуп кайра басаңдай баштап жаткан уучурду айтабыз.

Грипптин көп түрлөрү болот, жыл сайын адамдар ар башкача түрлөрү менен оорушат”.

Сынак үчүн даярдаган: Тажиева Аима

Тренер: Касымалиева А