“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мектепте сулуулар сынагы өттү

5 Декабрь 2016 жыл 12:30
Көрүүлөрдүн саны: 174

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде  кыздар  уюмунун  уюштуруусу  менен   “Мектеп сулуусу-2016”   сынагы өттү. Ага 8-11-класстын кыздары катышып,   анда саламдашуу, кыргыз  тарыхындагы кыздардын образын чагылдырып көрсөтүү сыяктуу тапшырмалар  боюнча күч сынашты.  Бардык катышуучулар чыгармачылык, изденүүчүлүк менен даярданышкан.

img-20161205-wa0002 img-20161205-wa0003
img-20161205-wa0007 img-20161205-wa0008

Сынактын тапшырмасы боюнча   Жаныл мырза, Акмөөр өндүү кыргыз тарыхындагы кыздардын образын мыкты чагылдырышты.  Кыздар уюмунун жетекчиси М.Жумабаева: “Кыздар арасында мындай сынактарды дайыма өткөрүп турганга аракет кылабыз. Бош убакытты туура пайдалануу, өзүн алып жүрүүгө үйрөтүү, кыздардын арасында ынтымакты бекемдөө   жана сулуулар арасында өтүүчү райондук сынакка даярдык максатында  өткөрүп  жатабыз”  дейт.  Сынактын жүрүшүндө калыстар тобу баалап, жеңүүчүлөрдү аныкташты.  Жыйынтыгында 10в-классынын окуучусу  Карыбекова Адина 1-орун, Малабекова Раиса 2-орун, Тынычбекова Назми 3-орунга ээ болушту. Алдынкы орундарды камсыз кылган кыздар жаш өзгөчөлүгүнө жараша райондук сынакка катышат.

Сынакка даярдаган:  Кубанычбекова Эльвира

Редактору:          Тажиева Эльнура