“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата кыз-келиндер арасында спорттук мелдеш өттү

5 Декабрь 2016 жыл 12:00
Көрүүлөрдүн саны: 133

Баетов айылында  1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө  карата  кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана  стол тенниси боюнча спорттук мелдештер өттү.  Ага Ак-Талаа  райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлумүнүн башчысы А.Көкөтаева катышып, иш чаранын максаты, учурда аталган оорунун абалы  тууралуу маалымат берди. Мелдештин өтөрү тууралуу жобо айылдагы 10 мекемеге  алдын-ала берилип, тааныштырылганы менен 4 гана команда катышты.

dsc_0052 dsc_0059

Оюнду Ак-Талаа райондук спорт комитети уюштуруп, калыстар тобу иштеди. Оюндун жыйынтыгында Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы жеңип алып, өтмө кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Ал эми 2-орунга бала бакчанын тарбиячылары  татыктуу болсо, 3-орунду ооруккананын оюнчулары  камсыз кылды.  Ал эми теннис боюнча Капарбек кызы Гулжаз байгелүү орунду женип алды.

dsc_0082

dsc_0095 dsc_0102 dsc_0106

Кийинки мелдешти  Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы уюштурат.  Команданы капитаны Капарбек кызы Гүлжаздын айтымында мелдешти жогорку денгээлде уюштуруп, өткөрүп беришет.

Сынакка даярдаган:   Кубанычбекова Эльвира

Редактору:  Тажиева Эльнура