“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада сасык тумоодон улам беш бала бакча жабылды

9 Декабрь 2016 жыл 19:01
Көрүүлөрдүн саны: 139

Ак-Талаа районунун аймагында өлкөнүн башка аймагы сыяктуу эле сасык тумоого чалдыккандар ондоп саналат. Билим берүү мекемелериндеги бул маселе боюнча абал жакшы эмес. Мына ушуга байланыштуу райондогу Жерге-Тал, Конорчок, Жаны-Тилек, Кайынды-Булак жана Баетов айылдарындагы  “Тынчтык-3”  бала бакчалары  жабылды.

dsc_2501-300x199

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Чиркеев:  “Негизи оорунун  пайызы 30ту көрсөтсө жабылат. Бирок аталган бала бакчаларда 45 пайызга чейин чыгып кетти. Бул жогорку көрсөткүч ошол себептүү сан.эпид менен  биргеликте жаптык” дейт.

Сынакка даярдаган: Кубанычбекова Эльвира

редактору:  Тажиева Эльнура