“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаш мугалимдердин интелектуалдык таймашы өттү

9 Декабрь 2016 жыл 18:10
Көрүүлөрдүн саны: 171

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жаш мугалимдер арасында  “Билерман ордо”  интеллектуалдык таймаш болуп, ага  беш мугалимден турган  “Билим” командасы катышты.

dsc_0230

Аны мектептин жаш мугалимдер методикалык секциясынын жетекчиси Г.Какаеванын демилгеси жана уюштуруусу менен өттү. Таймаштын жүрүшүндө  физика, география, тарых  жана ошондой эле логикалык багыттагы суроолор берилди.

dsc_0225
dsc_0251 dsc_0223 dsc_0228

Ар бир суроонун тегерегинде   ойлонууга  1 мүнөт  убакыт берилип, “Вабанк”, “Сектор талант”, “Бонус”  сыяктуу кызыктуу тапшырмалар аткарылды.  Акча наркы менен бааланган суроолорго кээде туура жооп берсе, таппай калган учурда акча капчыкта калып жатты. Оюн кызыктуу болуп, команда жигердүү катышты.

dsc_0244 dsc_0247

dsc_0241

Г.Какаеванын айтымында бул сынак жаштардын  ортосундагы биримдикти, ынтымакты чыңдоо   менен  билим денгээлин көтөрүүгө жардам берет. Изденет.

dsc_0277

Ал эми мектептин окуу бөлумүнүн башчысы   Ч.Сатындиева “мындай таймаш айына эки ирет өткөрүлөт жана  өтмө кубок тапшырылып турат. Балким бул саамалыкты билим берүү бөлүмү менен бирге райондук мектептин мугалимдерине жайылтуу иш аракетерин көрөбүз” дейт.  Таймаштагы суроолор акча менен баалангандыктан   “Билим”  командасы 185 акча утуп алышты.

dsc_0264

dsc_0266

Таймаштын сонунда команданын капитаны С.Кайыпназарова өтмө кубокту кийинки команданын өкүлүнө тапшырды.  Экинчи айлампа Жаны Жылдын алдында өтөт.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова