“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа райондук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдык көрүүдө

10 Декабрь 2016 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны: 273

Декабрь айынын 11де Кыргызстан боюнча шайлоо жана референдум өткөнү турат. Аймактарда депутаттарды шайлоо мурун болгондуктан кээ бир жерлерде референдум гана өткөрүлөт.

Ак-Талаа райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жылтыров Урмат  жалпы Ак-Талаа районунда шайлоо кандай типте жүрөөрүн, канча талапкер бар экендигин жана шайлоого даярдык жөнүндө айтып берди.

 

20161207_160443Ак-Талаа районунун канча айылында шайлоо өткөрүлөт?

Жалпы Ак-Талаа району боюнча 9 айыл өкмөттөрүндө жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо, ал эми 1 айыл өкмөттө убактысынан мурун шайлоо болот. Андан сырткары баардык айыл өкмөттөрдө  референдум өткөрүлөт.

 Жалпы канча талапкер бар?

Район боюнча жалпы 294 талапкер катталган.Участоктор боюнча так маалымат айта кетсем :

Кош-Дөбө   айыл округу(Мындан кийин а.о)- 47 талапкер

Кара-Бүргөн  а.о- 36 талапкер

Ак-Чий а.о- 14 талапкер

Жаңы-Тилек  а.о- 12 талапкер

Байгөнчөк  айылы-6 талапкер

Үгүт  а.о- 11 талапкер

Ак-Тал  а.о- 26 талапкер

Көк-Жар  а.о- 38 талапкер

Жаңы- Талап  а.о- 21 талапкер

Кара-Ой  а.о-42 талапкер

Кадыраалы  а.о- 22 талапкер

Ал эми Терек айыл өкмөтүнөн  23 талапкер болду. Булардын ичинен 298 документин тапшырды.

 Канча талапкерди официалды каттодон өткөрдүнүздөр?

294 талапкерди биз официалдуу каттадык. Ал эми 4 талапкер ар кандай себептер менен, мисалы кээ биринин паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендер каттала элек.

20161207_161236

Ак-Талаа районунун шайлоого даярдыктары кандай болуп жатат?

Азыр бардык шайлоо участокторунда даярдык иштери жүргүзүп,  шайлоого даяр. Термометрлери жеткирилген. Көрнөк жарнактары баары илинген.

Шайлоо комиссиясына көбүнчө кандай  сүроолор менен кайрылып жатышат?

Шайлоо комиссиясына көбүнчө ишенимдүү адамдар боюнча келип жатышат. Мисалы жаран  башка айылдан болсо деле ишенимдүү адам боло алабы , бир талапкер канча ишенимдүү адам алса болот деген суроолор басымдуулук кылып жатат.Адамдар андан сырткары өздөрүн тизмеден тактап жатышат”.

 

Cынак үчүн даярдаган:Тажиева Аима

Редактору: Касымалиева А