“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мал издеп кеткендердин бири сууктан каза болсо, экинчиси дайынсыз

10 Декабрь 2016 жыл 17:49
Көрүүлөрдүн саны: 140

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында  саат 12.00дө Ак-Талаа РИИБнө Терек айылынын тургуну 1961-жылы Жусубакунов Исамамбет  МЭЛС ашуусунун Уу-Өтөк  кыясында адамдын жансыз денеси жатат. Тонуп калыптыр деп билдирүү берген. Мындан сон Ак-Талаа РИИБнүн  күжүрмөн тобу окуя болгон жерге барышкан.Маалыматта билдирилгендей ал жерден суукка тоңуп калган адамдын сөөгүн табышкан. Өлүктү аймактык оорукананын моргуна алып келишкен. 9-декабрда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Ал эми сөөктү таануу үчүн Баетов айылынын тургуну Э.Кны чакырышкан. Тургун  өңү-түсүнөн,кийген кийиминен баласы А экендигин  тааныган. Э.К   7-декабрь күнү   баласы   А   Б.Э  экөө мал айдап келүү үчүн жөө тоого кетишкендигин айткан.

20161210_113538-1

Ак-Талаа РИИБнун ага тергөөчүсү, милициянын капитаны  Болотова Гулбарчын               бул окуя боюнча  “Бүгүнкү кундө экспертиза дайындалып, жыйынтыгын күтүп жатабыз.Киши колдуу болгону же сууктан тоңуп өлгөнү белгисиз. Ак-Талаа райондук администрациясына  жана ӨКМнин райондогу өкүлүнө  дайынсыз болуп жаткан  Б.Эды издөөгө жардам берүүлөрүн  өтүнүп, расмий    жөнөттүк. Анткени Э.К   “балам  жалгыз кеткен эмес  жанында Б.Э бар болчу  деп оозеки маалымат берген”.    Кечээтен бери милиция менен бирдикте издеп жатат. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.” дейт.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова