“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Сурамжылоо: Конституцияга киргизип аткан түзөтүүлөргө оюңуз кандай?

10 Декабрь 2016 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны: 346

11-декабрда Кыргызстандын бардык аймактарында  өтө турган референдум боюнча  «Референдумга барасызбы? Конституцияга киргизилип аткан түзөтүүлөргө оюнуз кандай?»- деген суроолор менен Баетов  айылында улуу  муундагы адамдарга кайрылдык.

Борбиева Бүмайрам

20161209_181006

Ооба, кудайым буюрса барабыз. Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө туура эле көз караштамын. Анткени Атамбаев эл үчүн иштеп жатат, туура жолдо деп баратат. Менин оюм ушундай.

Намазбеков Кубат

20161209_181028

Барабыз, барыш керек. Туура көз караштабыз. Мурункулар жеп-ичкендер турбайбы менин оюмча. Жакшы түзөтүүлөр болсо жакшы болмок элибиз да оңолот эле.

Алымкулова Бейшегүл

20161209_162235

Референдум барып ооба деп добуш берсем деп турам. Анткени Конституцияда өзгөртүүлөр болуш керек деп ойлойм. Мурунку элге пайдасыз закондорду өзгөртүүгө макулмун.

Курамышова Жылдыз

20161209_183722

Ооба барам. Түзөөтүүлөргө туура эле көз караштамын. Азыркы убакка жараша конституцияда өзгөрүүлөр болуп туруусу туура деп ойлойм  ошондуктан 11-декабрда Референдумга барып ооба  деп добуш берем.

Каленов Сатарбек

20161210_120657

Ооба барам. Эми азыраак эле статьяларда өзгөртүү болуп  жатат. Туура эле деп ойлойм. Мамлекетке туура эмес болгон статьялар өзгөрүп жатпайбы. ошондуктан колдоп жатабыз.

Касымалиева Гүляй

20161209_184043

Референдумга барам.буюрса ооба деген добушумду берем. Өзгөртүүлөргө толугу менен макулмун. Себеби, элдин жашоо шарты оңолуш керек. Мурун мыйзамда туура эмес жактары да болгон, ошону оңдоп , түзөтүүдөн өткөрүп жатышат.

Турдакунова Тынымкан

20161209_150208

Мен барам. Референдумду колдоп эле жатабыз, бирок менин жеке оюмда ушул Референдумду өткөрүү үчүн да көп каражат кетет экен. ошону депутаттар талкуудан өткөрүп,өздөрү эле чечим кабыл алса болмок.

Чодолдоев Алтынбек

20161210_112145

Ооба барам. Түзөтүүлөргө менин оюм түз, анткени буга чейин 7 жолу өзгөртүлгөн. Конституцияда бурмаланган көп нерселер бар болчу. Өзгөртүлүп жаткан беренелердин баарына макулмун. Себеп дегенде мен баары менен таанышып чыктым. Мурун Акаев, Бакиевдин убагында Конституцияны өздөрүнө ылайыктуу кылып өзгөртүп алышып, көптөгөн катачылыктарды кетиришкен. Азыр Конституция ошондой болуп катачылыктар кетпей, элибиз, мамлекетибиз алга карай өнүгүш керек деп ойлойм.

Сынак үчүн даяраган: Тажиева Аима

Редактору: Касымалиева А