“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Дайынсыз болуп жаткан экинчи тургундун сөөгү табылды

11 Декабрь 2016 жыл 14:53
Көрүүлөрдүн саны: 139

Ак-Талаа районундагы Орто-Сырт жайлоосунан мал издеп кеткен эки  тургундун биринин сөөгү табылып, жайына коюлган болчу.

gor

Бирок  А.К менен кошо кеткен экинчи тургундун дайыны белгисиз болгондуктан  ӨКМнин райондогу өкүлчүлүгү милиция кызматкерлери менен бирге издөөгө алышкан. Натыйжада 7-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан Байгөнчөк айылынын тургуну, 23 жаштагы Б.Энин суукка тоңуп калган жансыз денеси  бүгүн саат 11лерде Орто-Сырт жайлоосунун жолунан  алыс эмес   жерде табылды. Ак-Талаа РИИБнин ага тергөөчүсү  Г. Болотбекованын  айтымында сөөк райондук моргго алынып келинди.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова

Сүрөт интернеттен алынды.