Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Улуттук адабият күнунө карата декада жарыяланып, анын негизинде өтүлүүчү иш чаралардын атайын мерчеми иштелип чыккан. Иш мерчемдин алкагында класстарда ачык сабактар,кыскача сценкалар коюлуп, чыгармалар сүрөт көргөзмөлөр уюштурулуп,линейкалар өткөрүлүп жатат.“

Бүгүн 12-декабрда саат 12:00-13:00го чейин «окуу сааты» өткөрүлдү . Бул иш чара республика боюнча бардык билим берүү мекемелеринде өтүүдө. Окуунун максаты: балдарга жазуучунун чыгармаларын окуп берүү,кенири тааныштыруу.

Окуу саатына ата-энелер да жигердүү катышып, Чынгыз Айтматовдун чыгармалары жана жомок, аңгемелерин окуп беришти. Балдар тынч олтуруп,көңүл бөлүп чыгармалар менен таанышып жатты.Бул иш чара 1-2-3-4-класстар арасында уюштурулган.
Сынакка даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Тажиева Эльнура