“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ч.Айтматовдун чыгармалары окуучулардын кыл калеминде

12 Декабрь 2016 жыл 16:45
Көрүүлөрдүн саны: 6053

Ак Талаа районундагы  Ш.Бейшеналиев атындагы отро мектебинде “Улуттук адабият күнү” жогорку денгээлде белгиленип жатат. Мектептин кыргыз тили жана адабият  мугалимдеринин демилгеси менен класстар арасында улуу жазуучу  Ч.Айтматовдун  чыгармалары боюнча дубалгезиттердин  сынагы жарыяланган.

dsc_0371 dsc_0370 dsc_0368

Сынакка   5-11 класстары  жигердүү катышып, эмгектерин корсөтүштү. Окуучулар Ч.Айтматовдун  “Ак кеме” “Бугу Эне” “Биринчи мугалим” “Кыямат” жана башка чыгармаларынын каармандарын тартышкан. Окуучулардын бул эмгектери  оздөрүнүн элестетүүсү менен тартылып мугалимдердин купулуна толду.Мектептин сүрөт мугалими Өмуркулов Залкар окуучулардын эмгектердин  жакшы тартылганын боектор туура  тандалганын  жана кээ бир  сүрөттөрдү баса белгиледи.

dsc_0361
dsc_0363 dsc_0364Атайын түзүлгон калыстар тобунун чечими менен 1-орунду 11-б, 2-орунду 5-в, 6-б,    3 –орунду  10-б 7-а 9-б класстар татыктуу болуп,  кызыктыруучу сыйлыктар берилди. “Улуттук адабият күнүнө” карата  иш чаралар декада аяктагычакты  дагы өткөрүлүп турарын уюштуруучулар  кошумчалады.

Дардаган:  Калида Кубанычбекова